Setup and user guide
6
. КУХНЯНЫН ТЕРМОМЕТРИН КОЛДОНУУ
Кухнянын термометрин
колдонуу даярдоо учурунда
тамак-аштын накта
температурасын ѳлчѳгѳнгѳ
мүмкүндүк берет.
Сѳѳк же майлуу аянттарга
тийгизбестен кухнянын
термометрин эттин ичине
тереӊ салыӊыз.
Канаттуунун эти: жапыз
аянттарга тийгизбестен учун
тѳштүн ортосуна салыӊыз.
Кошулмалар же сан эттер:
Учун калыӊыраак бѳлүгүнѳ
салыӊыз.
Балык (бүтүн бойдон): Учун калыӊыраак бѳлүгүнѳ
салыӊыз, кылканына тийгизбеӊиз.
НУСКАМА ФУНКЦИЯСЫН КОЛДОНУУ
Мешке тамак-ашты салыӊыз. Тамак-ашты
решеткалуу текчеге салууну жана даярдоо
ширелерин чогултуу үчүн май кармагычты анын
алдына коюуну сунуштайбыз.
Кухнянын термометринин туткасын жабуучу
капкагын алып салыӊыз жана штепсель вилкасына
кошуӊуз. Мештин эшигин жабардан мурда кабелди
эркин жылдыруу болоруна ыныныӊыз.
Нускама функциясын тандоо: функциянын меню
параметри мештин же буунун температурасын
жана кухнянын термометринин талап кылган
температурасын ѳзгѳртүүгѳ мүмкүндүк берет.
TEMPERATURA
100 °C
SONDA
ORA D INIZIO
18:20
57°C
Vapore
Steam
TEMPERATURE
START TIME
FOOD PROBE
Сиз талап кылган бардык параметрлерди
колдонсоӊуз, функцияны иштетүү үчүн БАШТОО
басыӊыз: Катуу чыгуучу сигналдын үнү чыгарылат
жана дисплейден тамак термометринин талап
кылынган температурага жеткендиги көрсөтүлөт.
Эсиӊизде болсун: Функция иштетилгенде кухнянын
термометрин кошо албайсыз.
КЕӉЕШМЕСИ МЕНЕН ПРОГРАММАЛОО
РЕЖИМИНДЕ
Кээ бир рецепт функциялар Кеңешмеси менен
программалоо режиминде сизге тамак аш
термометрди колдонууга мүмкүнчүлүк берет: FOOD
PROBE (КУХНЯНЫН ТЕРМОМЕТРИ) тандоосун
тандаӊыз жана дисплейде берилген нускамаларды
сактаӊыз.
Ушундай кылуу сунушталса, тамактарды мешке
салыӊыз жана кухнянын термометрин тийиштүү
штепсель вилкасына кошуӊуз.
Roast Beef
TEMPERATURA
200°C
SONDA
55°C
Roast Beef
TEMPERATURE FOOD PROBE
Эскертүү: Эгерде алдын ала ысытуу тандалса, бул
аяктамайынча тамак-ашты же кухнянын термометрин
кошконго болбойт.
. ѲЗГѲЧѲ ФУНКЦИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ
PRESERVATION (САКТОО)
Джем жана варенье жасоого жалаӊ гана
жаӊы, жогорку сапаттагы жашылча-жемиштерди
колдонууну сунуштайбыз.
Кружкаларды жашылча-жемиштер менен
толтуруӊуз (эгер мүмкүн болсо алдын ала
даярдалган) жана аларга, үстүнѳн болжол менен 2
см калтыруу менен консервацияланган суюктукту
же сиропту кошуӊуз. Андан кийин капкактарды
тыгыз жаппастан үчтүнѳ бош коюӊуз.
Решеткалуу текчени 2 деӊгээлге, май кармагычты
алдыӊкы деӊгээлге жана кружкаларды решеткалуу
текчеге коюуӊуз. Кружкаларды түз эле май
кармагычка дагы койсоӊуз болот.
Функцияны иштетүү. Аяктаганда, кружкаларды
капкактар менен тыгыз жабыӊыз (муну жасап
жатканда меш колгобун кийиӊиз же отко чыдамдуу
чүпүрѳк менен колуӊузду сактаӊыз) жана бѳлмѳ
температурасына чейин муздаганга калтырыӊыз.
Эсиӊизде болсун: Кружкаларды натыйжалуу тазалоо
үчүн биз«Дезинфекция» функциясын колдонууну
сунутайбыз.
YOGHURT (ЙОГУРТ)
Функцияны иштетүүдѳн мурда, бир литр
бүтүн сүткѳ болжол менен 100 грамм жаӊы бүтүн
йогуртту кошуӊуз.
Эсиӊизде болсун: эгерде пастеризацияланбаган
сүттү колдонсоӊуз, бѳлмѳ температурасына чейин
муздаганга калтырардан мурда аны кайнаганга чейин
ысытыӊыз.
Отко чыдамдуу кружкаларга кошулманы куюуӊуз,
аларды отко чыдамдуу капкактар же пленка менен
жабыӊыз жана аларды 2 деӊгээлде салынган
решеткалуу текчеге коюуӊуз.
Функцияны тандаӊыз жана беш саат узуктыкка
жѳнгѳ салыӊыз (температураны ѳзгѳртүүгѳ
болбойт).
Функция аяктаганда, йогуртту берерден мурда
мушдатуу үчүн муздаткычка калтырыӊыз. Бул 1-2
жуманы алат. Бул йогуртту сиз 5-7 күндүн ичинде
башка партиясын жасаганга колдонсоӊуз болот.
Эсиӊизде болсун: Йогурт жасаганга керектелүүчү
идиш-аяктарды жана кружкаларды жакшы тазалоо
үчүн «Дезинфекция» функциясын колдонууну
сунуштайбыз.
DRAIN (СУУ АГЫЗУУ)
Суунун калдыгы бойлердин ичинде калып
калбоосу үчүн меш белгилүү бир убакытта
колдонулбаган учурда бул функцияны иштетүүнү
сунуштайбыз.
Эсиӊизде болсун: Эгерде бойлер аябай ысык
болсо, мештин ичиндеги температура 60 °C
тѳмѳн болмоюнча функция иштебейт. Бѳлүк бул
температурага жетээр замат функция автоматтык
түрдѳ иштейт.
Функцияны иштетиӊиз жана дисплейде берилген
кадамдарды сактаӊыз. Аяктаганда, сууну
агызыӊыз жана ичүүчү суу менен суу резервуарын
чайкаӊыз.










