Колдонуу нускамалары
Орнотуу диаграммалары 4 Маанилүү коопсуздук нускамалары 6 Чөйрөнү коргоо 9 Ылайык келүүсүн жарыялоо 9 Колдонордон мурун 9 Мурдатан бар казан-көмөчтөр 9 Сунушталган казан түбүнүн жазылыктары 9 Орнотуу 10 Электр туташуусу 10 Колдонуу нускамалары 11 Сатуудан кийинки кызмат 16 3
Орнотуу диаграммалары 4
Орнотуу диаграммалары Эске алыңыз: Жарымжартылай көмүлгөн вериясы үчүн 1,5 чегүү зарыл эмес.
Бул нускамалар бул сайтка да чыгарылмакчы: www.kitchenaid.eu МААНИЛҮҮ КООПСУЗДУК НУСКАМАЛАРЫ СИЗДИН ЖАНА БАШКАЛАРДЫН КООПСУЗДУГУҢАР БИРИНЧИ ОРУНДА Бул жетек жана шайман өзү бардык учурларда окуп жана аткарыш керек болгон маанилүү коопсуздук билдирүүлөрүн берет. Бул - коопсуздукка жана колдонуучуларга жана башкаларга тийиши мүмкүн болгон тобокелдерге тиешелүү коркунуч символу.
- Орнотуу учурдагы коопсуздук эрежелерине туура келиши үчүн минималдуу контакт аралыгы 3 мм келген көп уюлдук которгучун колдонуш керек. - Көп уячалуу ажырым же узарткыч колдонбоңуз. - Шаймандын кубат кабелин тартпаңыз. - Электр бөлүктөрү орнотуудан кийин колдонуучу жетпеген жерде болушу керек. - Шайман тамак жасаганга үйдөн колдонууга гана арналган. Эч кандай башкача колдонууга (мис.: бөлмөнү жылытканга) уруксат жок.
- Шайман тышкы таймер же өзүнчө алыстан башкаруу системи аркылуу иштетүүгө арналган эмес. - Май менен тамак жасап жатканда карабай койуу коркунучтуу жана өрт чыгышына алып келиши мүмкүн. Өрттү ЭЧ КАЧАН суу менен өчүрөм дебеңиз, дароо шайманды өчүрүп туруп, өрткө туруктуу жабуу же капкак менен жалынды бүтөңүз. Өрт чыгуу коркунучу: бышыруу беттеринин үстүндө эч нерсе сактабаңыз. - Буу менен тазалагычтарды колдонбоңуз.
Чөйрөнү коргоо жабдууну кайра иштетүү үчүн тиешелүү чогултуу түйүнүнө тапшырылышы керектигин билдирет. Таңгакты таштандыга таштоо Таңгактоо материалы 100% кайра иштеткенге жарайт жана кайра иштетүү символу менен белгиленген. Таңгактын түрдүү бөлүктөрүн чөйрөгө чачып салбай, жергиликтүү эрежелерге ылайык таштандыга өткөрүш керек. Энергия үнөмдөө боюнча кеңештер Оптималдуу натыйжа үчүн буларды кылуу сунушталат: • Таманынын жазылыгы бышыруу аймагынын жазылыгына дал келген казан-көмөчтөрдү колдонуңуз.
Орнотуу Өнүмдү таңгактан чыгаргандан кийин ташылып жатканда эч кандай зыян тартпаптырбы деп текшериңиз. Көйгөйгө учурасаңыз, Сатуудан кийинки кызматыңыздагы дилерге кайрылыңыз. Ичине куруу чендерин жана орнотуу нускамасын 5-беттеги сүрөттөрдөн караңыз. ОРНОТУЛА ТУРГАН ТЕКЧЕНИ ДАЯРДОО КООПТОНДУРУУ - Орноткондон кийин өнүмдүн ылдыйкы бөлүгүнө кол тийбегендей болушу керек. - Текченин алдындагы очок орнотулган болсо, ажыраткыч тактаны такпай эле коюңуз.
Электр туташуусу Тармакка тике туташуу үчүн тармактан ажыратууну камсыз кылуу үчүн ылайыктуу өлчөмдөгү көп уюлдуу которгуч тагуу зарыл. Анын байланышты ачуу аралыгы орнотуу эрежелерине ылайык III ашыкча чыңалуу категориясынын шарттарында толук ажыроого мүмкүндүк бериши керек (сары/ жашыл жердетүү зымы үзүлбөшү керек). Көп уюлдуу уяча же которгуч шайман орнотулуп турганда жеткенге оңой болушу керек.
Колдонуу нускамалары Тийүү Көзөмөлүнүн Күйүк/Өчүгү 6 7 8B 8. 3B 88 2 5 1. Күйүк/Өчүк 2. Балдардын коопсуздугу (кулпу) 3. Бышыруу аймагын тандоо топчусу (A-B) 4. Кубатты көбөйтүү 5. Кубатты азайтуу 6. Таймер 7. Бышыруу түйүнүнүн дисплейи 8. Таймердин Led жарыгы (A-B) 7 8B 4 8. 1 3A Электрондук Тийүү Көзөмөлү КЙК/ӨЧК топчусу аркылуу жандандырылат жана ӨЧҮК абалынан Күтүү абалына которулат. Муну кылуу үчүн КЙК/ӨЧК топчусун 1 секунд басып туруш керек. Кыска бип деген үн чыгат.
Колдонуу нускамалары Таймер функциясы Таймер функциясын бышыруу түйүнү үчүн таймер же өз алдынча айгай саат катары колдонсо болот. Эки арткы 7 сегменттүү дисплей (6) да таймердин айгайы өчкөнчө калган убакытты мүнөт менен көрсөткөнгө колдонулат. Таймерди тандоо Таймер функциясын тандоого “+” жана “-” экөөнү бир убакта жандандыруу колдонулат. Эки башка таймер абалы бар: - Бышыруу түйүнү үчүн аймер (таймер бышыруу түйүнүнө тиешелүү).
Колдонуу нускамалары Көзөмөл панелинин кулпулоосу - НЕГИЗГИ Көзөмөл панелинин кулпулоосун бекитүү/жандандыруу Көзөмөл панелинин кулпу топчусун күтүү же жандуу абалында басканда ачкычтакта кулпуланат; стилдештирилген ачкычтын символу жанат. Көзөмөл буга чейин коюлган моддо иштей берет, бирок мындан ары Көзөмөл панелин кулпулоо топчусунан же КЙК/ ӨЧК топчусунан башка топчуларга баш ийбей калат. КЙК/ӨЧК топчусу менен өчүрүү кулпулануу учурунда да мүмкүн.
Колдонуу нускамалары Коопсуздук себептеринен улам ар бир бышыруу аймагы үчүн Күчөткүч функциясын 5 мүнөткө чектелген убакытка гана жандандырса болот. Күчөткүч убактысынын ичинде казанды бышыруу аймагынан алсаңыз, Күчөткүч функциясы күйгөн бойдон калат жана Күчөткүч убактысы иштен чыгарылбайт. Күчөткүчтү “-“ топчусун басуу менен өчүрөт. Ал эми “+” эч кандай таасир этпейт. Сактандыруулар - Керамикалык айнек бетте кымындай эле жарака болсо, токтоосуз очокту электр жеткирүүдөн ажыратыңыз.
Тейлөө Очокко зыян келтирбеши үчүн кыргычтын жардамы менен алюминий фольгасынын бөлүктөрүн, төгүлгөн тамак, май чачырандыларын, кант тактарын жана башка курамында канты көп тамакты бетинен топтоосуз алып салыңыз. Андан кийин кагаз сүлгү жана SIDOL же STANFIX менен бетин тазалап, суу менен чайкап, таза чүпүрөк менен кургатыңыз. Эмне болгон учурда да спонж же жегич чүпүрөктөрдү колдонбош керек; ошондой эле ачык чачыратмалар жана так кетиргичтер сыяктуу агрессивдүү химиялык детергенттерден алыс болуңуз.
Whirlpool EMEA S.p.A. Via Carlo Pisacane n.1, 20016 Pero (MI), Italy www.whirlpool.