User Manual

8 KY
Электртогункошуу
Эскертүү:Электр тогуна урунуу коркунучу! Электр шнурун
сууруп жатканда, ар дайым ачакейден кармап розеткадан
сууруңуз. Эч качан шнурдан кармап тартпаңыз.
Электр адаптерин туташтырыңыз:
Биринчи, шаймандын розеткасына.
Андан кийин дубал розеткасына.
Wi-Fiбайланыш
Wi-Fiбайланышынбиринчижолуорнотуу
1 Philips'тин "Clean Home+" колдонмосун App Store же Google
Play аркылуу жүктөп алып, орнотуңуз.
2 Аба тазалагычтын ачакейин розеткага сайып, аба тазалагычты
күйгүзүү үчүн басып коюңуз.
» Wi-Fi көрсөткүч алгач кызгылт сары болуп күйөт.
3 Смартфонуңуз же планшетиңиз WiFi тармагына ийгиликтүү кошулганына
ынаныңыз.
4 "Clean Home+" колдонмосун ачып, "Жаңы аппаратты кошуу" дегенди
басыңыз же экрандын үстүндөгү "+" баскычын басыңыз. Аба тазалагычты
өз тармагыңызга кошуу үчүн экрандагы көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.
Эскертүү:
Бул көрсөтмө аба тазалагыч биринчи жолу орнотулуп жатканда гана
жарактуу. Эгерде тармак өзгөрсө же кайрадан орнотуу керек болсо, "Wi-Fi
байланышын кайра орнотуу" 9-бетте бөлүмүн караңыз.
Эгерде сиз өз смартфонуңузга же планшетиңизге бирден көп аба тазалагыч
туташтырам десеңиз, аларды бир-бирден туташтырышыңыз керек.
Смартфонуңуз же планшетиңиз менен аба тазалагычтын ортосундагы
аралык эч кандай тоскоолдуктарсыз 10 метрден аз болгонуна ынаныңыз.
Бул тиркеме Android жана iOSтин эң акыркы версияларын колдоого алат.
Сураныч
иштей турган операциялык системалар жана аппараттардын акыркы
жаңылануусун көрүү үчүн, www.philips.com/cleanhome сайтын текшериңиз.