User Manual

2 KY
1 Маанилүү
Коопсуздук
Шайманды колдонгонго чейин колдонуучунун нускамасын кылдаттык менен
окуп чыгыңыз жана кийинкиге сактап коюңуз.
Майнаптуулукту камсыздоо үчүн, тазалагычыңызды эң акыркы версияга
жаңыртууну сунуштайбыз. Бул жаңыртууну Clean Home+ колдонмосу аркылуу
аткарууга болот.
Коркунуч
Электр шогун жана өрт коркунучунун алдын алуу үчүн,
шайманды суу же башка суюктук же (тез өрттөнүп кетүүчү)
нерсе менен тазалабаңыз жана да аларды шайманга
киргизип жибербеңиз.
Шаймандын тегерегине инсектициддер же атыр сыяктуу
күйүп кетүүчү нерселерди сеппеңиз.
Эскертүү
Шайманды туташтыруудан мурда фирмалык тактада
көрсөтүлгөн чыңалуу жергиликтүү тармактын чыңалуусуна
дал келерин текшериңиз.
Эгерде кубаттоо кабели бузулган болсо, кооптуу абалга жол
бербөө үчүн, аны Philips компаниясынын, Philips тарабынан
уруксат берилген тейлөө борборунун адистерине же
тиешелүү квалификациясы бар адистерге оңдотүү керек.
Эгерде адаптер, кубаттоо кабели же шайман өзү бузук
болсо, шайманды колдонбоңуз.
Бул шайманды анын коркунучтары тууралуу түшүнгөн,
аны коопсуз пайдалануу боюнча көрсөтмөлөр менен
таанышкан 8 жаш жана андан жогорку курактагы балдар
жана физикалык жактан, сезүү жөндөмү же акыл-эси
чектелген адамдар же тажрыйбасыз адамдар өз алдынча
же чоңдордун көзөмөлү астында колдоно алышат.
Балдар шайман менен ойнобошу керек.
Балдар көзөмөлсүз тазалоо же оңдоо иштерин жүргүзбөшү
керек.