AC1715 Колдонуучунун нускамасы
Мазмуну 1 Маанилүү ������������������������������������������������������������������������������� 2 2 Сиздин аба тазалагычыңыз ��������������������������������������������� 5 3 Баштоо ������������������������������������������������������������������������������������ 7 4 Аба тазалагычты колдонуу ���������������������������������������������� 9 5 Тазалоо жана тейлөө �������������������������������������������������������13 6 7 8 Сактоо ������������������������������������������������������
1 Маанилүү Коопсуздук Шайманды колдонгонго чейин колдонуучунун нускамасын кылдаттык менен окуп чыгыңыз жана кийинкиге сактап коюңуз. Майнаптуулукту камсыздоо үчүн, тазалагычыңызды эң акыркы версияга жаңыртууну сунуштайбыз. Бул жаңыртууну Clean Home+ колдонмосу аркылуу аткарууга болот. Коркунуч • Электр шогун жана өрт коркунучунун алдын алуу үчүн, шайманды суу же башка суюктук же (тез өрттөнүп кетүүчү) нерсе менен тазалабаңыз жана да аларды шайманга киргизип жибербеңиз.
Аба кирүүчү жана чыгуучу жерди бүтөп салбаңыз, мисалы аба чыгуучу тешикке же аба чыгуучу тешиктин алдына бир нерселерди коюу аркылуу. • Аба кирүүчү жана чыгуучу тешиктен жат нерселер шайманга кирип кетпешин камсыздаңыз. • 802.11b/g/n стандартынын негизиндеги 2,4 Гц жыштык диапазонунда максималдуу чыгуу күчү 31,62 mW EIRP боюнча иштеген WiFi интерфейси. Эскертүү • Бул шайман тиешелүү желдетүүнү, чаң соргуч менен такай тазалоону же тамак жасаганда аба сордургучту же вентилярду иштетүүнү алмаштыра албайт.
• • • • • Шайманды газ шаймандарынын, ысытуучу же от жагуучу шаймандардын жанында колдонбоңуз. Шайманды жылдырып, тазалап, чыпкасын алмаштырып же башка техникалык тейлөөнү аткаргыңыз келгенде дайыма сууруп коюңуз. Шайман кадимкидей иштөө шартында үйдө колдонууга гана арналган. Шайманды нымдуу чөйрөдө же нымдуулугу жогору же айлана-чөйрөнүн температурасы жогору болгон чөйрөлөрдө, мисалы, ванна, даараткана же ашкана же температура тез өзгөрүп турган бөлмөдө колдонбоңуз.
2 Сиздин аба тазалагычыңыз Шайманды сатып алышыңыз менен куттуктайбыз! Philips'ке кош келиңиз! Philips'тин колдоо кызматынан толук пайдалануу үчүн, өнүмүңүздү Www.philips.com/welcome баракчасынан каттоодон өткөрүңүз.
Башкаруу элементтеринин кыскача сүрөттөлүшү Башкаруу баскычтары Жарыкты күйгүзүү/өчүрүү баскычы Күйгүзүү/өчүрүү баскычы Режимди өзгөртүү баскычы Дисплей панели Wi-Fi көрсөткүчү Авто режими Ылдамдык 1 Ылдамдык 2 Турбо режими Уйку режими PM2.
3 Баштоо Чыпканы орнотуу Алгачкы ирет колдонуудан мурун чыпкадан бардык таңгактоочу материалдарды алып салыңыз. Эскертүү: Чыпканы орнотуудан мурун аба тазалагыч электр розеткасынан ажыратылганын текшериңиз. 1 1 2 3 4 5 2 3 4 5 Арткы капкакты тартып, аны шаймандан чыгарыңыз. Шаймандан чыпканы чыгарыңыз. Аба тазалоочу чыпкадан бардык таңгактоочу материалдарды алып салыңыз. Чыпканы кайра шайманга салыңыз. Арткы капкакты кайра салыңыз.
Электр тогун кошуу Эскертүү: Электр тогуна урунуу коркунучу! Электр шнурун сууруп жатканда, ар дайым ачакейден кармап розеткадан сууруңуз. Эч качан шнурдан кармап тартпаңыз. Электр адаптерин туташтырыңыз: • Биринчи, шаймандын розеткасына. • Андан кийин дубал розеткасына. Wi-Fi байланыш Wi-Fi байланышын биринчи жолу орнотуу Philips'тин "Clean Home+" колдонмосун App Store же Google Play аркылуу жүктөп алып, орнотуңуз. 2 Аба тазалагычтын ачакейин розеткага сайып, аба тазалагычты күйгүзүү үчүн басып коюңуз.
Wi-Fi байланышын кайра орнотуу Эскертүү: • Wi-Fi байланышын сиздин демейки тармак өзгөргөндө кайра орнотуңуз. 1 Аба тазалагычтын ачакейин розеткага сайып, аба тазалагычты күйгүзүү үчүн басып коюңуз. 2 басып, дабыш чыкканга чейин 3 секунд кармап туруңуз. » Аба тазалагыч туташуу режимине өтөт. » Wi-Fi белгиси кызгылт сары болуп күйөт. 3 "Wi-Fi байланышын биринчи жолу орнотуу" бөлүмүндөгү 3-4-кадамдарды аткарыңыз.
булактары болуп тамеки түтүнү, тамак жасоо, шам күйгүзүү саналат. Кээ бир абадагы бактериялар жана эң кичинекей чаңчалар, үй жаныбарларынын аллергендери жана чаң кенелеринин аллергендеринин бөлүкчөлөрү дагы PM2.5ге туура келет. IAI Профессионалдык класстагы AeraSense сенсору үй ичиндеги абадагы аллергендердин деңгээлин аныктайт жана 1ден 12ге чейинки сандык кайтарым байланышта үй ичиндеги абадагы аллергендердин потенциалдуу тобокелдик деңгээлин көрсөтө алат. 1 абанын эң жакшы сапатын билдирет.
Режим жөндөөсүн өзгөртүү Сиз баскычын басуу менен Авто режимин, Ылдамдык 1, Ылдамдык 2, Турбо режимин же Уйку режимин тандай аласыз. Авто режими ( ): Аба тазалагыч айланадагы абанын сапатына ылайык желдеткичтин ылдамдыгын автоматтык түрдө тууралайт. Кол менен иштөө ылдамдыгы ( & ): Кол менен иштөө режиминде аба тазалагыч 1 же 2-ылдамдыкта иштейт. Турбо режими ( ): Аба тазалагыч эң жогорку ылдамдыкта иштейт. Уйку режими ( ): Аба тазалагыч акырын, жай ылдамдыкта иштейт. 3 секунддан кийин экран өчөт.
Дисплей көрсөткүчүн алмаштыруу Эскертүү: Аппарат демейде PM2.5 деңгээлин көрсөтөт. • IAI /PM2.5 ортосунда дисплей көрсөткүчүн алмаштыруу үчүн басып, 3 секунд кармап туруңуз. 3s баскычын 3s Жарык күйүк/өчүк функциясын колдонуу Жарык сенсорунун жардамы менен башкаруу панели автоматтык түрдө айланадагы жарыкка жараша күйүп, өчүп же күңүрт болот. Айланадагы жарык караңгы болгондо башкаруу панели өчөт же күңүрт болот. Бардык жарыктарды ойготуу үчүн каалаган баскычты бассаңыз болот.
5 Тазалоо жана тейлөө Эскертүү: • Тазалоодон мурун шайманды дайыма розеткадан сууруңуз. • Шайманды эч качан сууга же башка суюктукка салбаңыз. • Шайманды тазалоодо эч качан агартуучу же спирт сыяктуу абразивдүү, агрессивдүү же күйүүчү тазалоочу каражаттарды колдонбоңуз. • Чыпканы тазалоо үчүн эч качан суюктук (суу дагы) колдонбоңуз. • Бөлүкчөлөр сенсорун чаң соргуч менен тазалоого аракет кылбаңыз.
Бөлүкчөлөр сенсорун тазалоо Шаймандын оптималдуу иштеши үчүн бөлүкчөлөр сенсорун ар 2 айда бир тазалап туруңуз. Эскертүү: • Эгерде аба тазалагыч чаңдуу чөйрөдө колдонулса, аны бат-баттан тазалоо керек болот. • Эгерде бөлмөдө нымдуулук деңгээли өтө жогору болсо, бөлүкчөлөр сенсорунда конденсация пайда болуп, аба сапаты жакшы болсо деле аба сапаты жарыгы абанын начарыраак сапатын көрсөтүшү мүмкүн. Эгерде ушундай болсо, бөлүкчөлөр сенсорун тазалаңыз.
Аба тазалагычты өчүрүп, электр розеткасынан сууруп коюңуз. 1 2 3 4 5 Арткы капкакты тартып, аны шаймандан чыгарыңыз. Шаймандан чыпканы чыгарыңыз. Чыпканын үстүн чаң соргуч менен тазалаңыз. Чыпканы кайра шайманга салыңыз. 9 Арткы капкакты кайра салыңыз. Аба тазалагычтын ачакейин розеткага сайыңыз. Шайманды күйгүзүү үчүн баскычын басыңыз. Чыпканын тазалоо убактысын кайра коюу үчүн жана баскычын басып, 3 секунд кармап туруңуз. 10 Чыпканы тазалагандан кийин колуңузду жакшылап жууңуз.
Чыпканы алмаштыруу Эскертүү: • Чыпканы жууп же кайра колдонууга болбойт. • Чыпкаларды алмаштыруу алдында дайыма аба тазалагычты өчүрүп, электр булагынан сууруп коюнүз. Чыпка сигналынын статусу Аракет НаноКоргоо чыпкасын Чыпканы алмаштыруу алмаштырыңыз эскертүүсү күйөт (FY1700/30) 1 Аба тазалагычты өчүрүп, электр розеткасынан сууруп коюңуз. 2 3 4 5 6 Арткы капкакты тартып, аны шаймандан чыгарыңыз. Шаймандан чыпканы чыгарыңыз. Жаңы чыпкадан бардык таңгактоочу материалдарды алып таштаңыз.
Чыпканы кайра орнотуу Экранда чыпканы алмаштыруу эскертүүсү ( ) пайда болгонго чейин деле чыпканы алмаштырсаңыз болот. Чыпканы алмаштыргандан кийин, чыпканын жарактуу мөөнөтүн эсептегичти кол менен кайра орнотуу керек. 1 Шайманды өчүрүү үчүн баскычын 3 секунд басып туруңуз жана электр розеткасынан сууруп коюңуз. 2 3 + 3s 2 3 Ачакейди розеткага сайыңыз. Күйгөндөн кийин 15 секунддун ичинде, чыпканын жарактуу мөөнөтүн эсептегичти кайра коюу үчүн жана баскычын басып, 3 секунд кармап туруңуз.
7 Кемчиликтерди жоюу Бул бөлүм сиз шайманды иштетүүдө кез келген жалпы көйгөйлөрдү камтыйт. Эгерде сиз көйгөйдү төмөндөгү маалымат менен чече албасаңыз, анда өз өлкөңүздөгү Кардарларды Тейлөө Борборуна кайрылыңыз. Көйгөй Мүмкүн болгон чечим Шайман жакшы иштебей жатат. • Чыпканы алмаштыруу эскертүүсү көпкө чейин күйүп турат, бирок сиз тиешелүү чыпканы алмаштырган жоксуз. Натыйжада, шайман азыр кулпуланып калды.
Көйгөй Мүмкүн болгон чечим Шайман бир кызыктай жыт чыгарып жатат. • Сиз шайманды биринчи жолу колдонуп жатканда ал пластмассанын жытын чыгарышы мүмкүн. Бул кадимки көрүнүш Бирок, эгерде фильтрлерди алып салса да, шаймандан күйүктүн жыты чыгып жатса, Philips ортомчусуна же ыйгарым укуктуу Philips тейлөө борборуна кайрылыңыз. Чыпка бир аз колдонгондон кийин жыт чыгарышы мүмкүн, анткени ал үй ичиндеги газдарды сиңирип алат. Кайра колдонуу үчүн чыпканы күндүн түз нуруна коюп кайра иштетүү сунушталат.
Көйгөй Мүмкүн болгон чечим • • • • Wi-Fi орнотуу ийгиликтүү эмес. • • • • • 20 KY Эгерде сиздин тазалагычыңыз туташтырылган роутер кош тилкелүү болсо жана учурда ал 2,4 ГГц түйүнгө туташпай жатса, ошол эле роутердин башка диапазонуна (2,4 ГГц) өтүп, аба тазалагычыңызды кайра туташтырып көрүңүз. 5 Ггц тармактары кармабай жатат. Веб аутентификация тармактары кармабай жатат. Тазалагыч Wi-Fi роутеринин чегинде экенин текшериңиз.
8 Кепилдик жана тейлөө Эгерде сизге маалымат керек болсо же сизде көйгөй болсо www.philips.com Philips сайтына кириңиз же өз өлкөңүздөгү Кардарларды Тейлөө Борборуна кайрылыңыз (анын телефон номерин дүйнөлүк кепилдик баракчасынан таба аласыз). Эгерде сиздин өлкөңүздө Кардарларды Тейлөө Борбору жок болсо, жергиликтүү Philips ортомчусуна кайрылыңыз.
© 2021 Philips Domestic Appliances Holding B.V. Бардык укуктар корголгон. AC1715_user manual_v1.