Use and care guide
7
Машинени иштетүүдөн мурда, вакуум бөлүмдү кылдаттык менен жумшак, нымдалган
чүпүрөк менен тазалагыла. Бир нече жолу кайталагыла, ар бир жолу чүпүрөктү таза сууга
чайкагыла. Каттуу каражаттарды, темир кыргычтарды, же кесек, кычкыл же агрессивдүү
каражаттарды колдонбогула. Алар вакуум бөлүмдүн бетин оңдоого жараксыз кылып коюшу
мүмкүн.
Шайман тамак ашты вакуум менен эки башка жолу таңгактай алат:
1. KitchenAid баштыктарды колдонуп вакуум таңгактоо
KitchenAid баштыктар назик эмес оңою менен сынбаган тамак аштарды таңгактоого ылайык:
эт, муздак кесилген азыктар, каттуу сыр, бурчактар жана башкалар сыяктуу.
Баштыктар үч башка өлчөмдөрдө жеткиликтүү: 15x25 см, 20x20 см жана 25x35 см, жана
аларды Сатып алгандан кийинки тейлөө кызматынан же www.KitchenAid.eu вебсайтынан
сатып алса болот
Баштыктарды салкын, кургак жана күн тийбеген жана жылуулук булактары жок жерде
сактагыла.
KitchenAid баштыктарды бир эле жолу колдонулат: колдонуп бүткөндөн кийин, аларды
жергиликтүү пластикти жок кылуу эрежелерине ылайык жок кылгыла.
KitchenAid баштыктар бышырууга ылайык эмес.
2. KitchenAid контейнерлерди колдонуп вакуум таңгактоо (Сатып алынгандан кийинки
тейлөөдөн сатып алса болот)
KitchenAid вакуум контейнерлер назик оңой сынатурган азыктарды сактоого пайдалуу жана
суюк азыктарды сактоого.
KitchenAid вакуум контейнерлер тамак даярдоого жана тоңдургучта сактоого ылайык эмес.
Жакшы иштөөгө контейнерлерге арналган циклды колдонуу сунушталат.
Эски же азыктык балуулугу жок тамак ашты вакуум таңгактоого аракеттенбегиле: сиз
жоготулган сапатты кайра калыбына келтире албайсыз.
Жалаң жаңы, сапаттуу азыктарды вакуум тангактагыла.
• Айлананын температурасында көпкө туруп калган тамак аш же азыр эле бышырылган
тамак аш баштапкы нымдуулугун жана касиеттерин жоготот (түс, жыт, жана башкалар).
Демек, вакуум менен таңгакталган тамак ашты узакка муздаткычта ал +4/+6 °C
(стандарттык муздатуу температурасы) муздатылылганы жакшы.
• Чийки жана бышырылган тамак ашка вакуум баштыктарды колдонгондо, абаны чыгарууга
көмөктөшүүгө тамак ашты баштыктын ичинде бирдей жайгаштырууну унутпагыла. Ага
кошумча, баштыктарды өтө көп толтурбагыла анткени ал тыгыздоого тоскоол жаратышы
мүмкүн, баштыктар андыктан аба өткөрүп калышы мүмкүн. Ушундай учурда вакуум көпкө
сакталбалбайт: процедураны жаңы баштык менен кайталагыла жана тыгыздоосунда эч
кандай ачылуулары же зыян келтирилбегенин текшергиле.
• Баштыктарды тамак аш менен 2/3 бөлүгүн толтургула.
Алдын ала колдонуу нускамалар