Use and care guide
10
Күйгүзү (тарткычты иштоо позициясынан тартып салуу)
Тарткычты ар дайым толугу менен тартып
чыгаргыла ошондо айнек капкагы толугу менен
ачылат.
Күйгүзү баскычын басып машинени күйгүзгүлө. Ал
алдынкы оң жакта жайгашкан.
Башкаруу панельдин жарыктык диод лампалар күйөт
жана кыска акустикалык белги машине күйгөнүн
билдирет. Бул учурда, машине болжолу 2 секундага
созулган жөндөө циклын жүргүзөт; ал цикл бүтмөюнчө
эч кандай баскычтарды баспагыла.
KitchenAid баштыктар үчүн вакуум циклы
Ар бир цикл башталарда, кыска акустикалык белги
уг улат.
Цикл автоматикалык түрдө төмөнкүнү аткарат:
• Аба чыгаруу фазасы функция баскычы күйүп өчкөнү
менен билдирилет. Бул фаза болжолу менен 2
мүнөт 30 секундага созулат.
• Ысык мөөр басуу фазасы функция баскычтын
жарыгы күйгөнү менен билдирилет. Бул фаза 9
секундага уланат. Ал муздатуу процесс менен
уланат. Ал болжолу 5 секундага уланат.
• Андан кийинки чыгаруу фазасында, бардык диод билдиргичтер өзүнүн алгачкы калыбына
келет. Чыгаруу клапаны 20 секундага ачык бойдон турат. Бул убакытта эч кандай
функцияны тандоого болбойт.
• Вакуум бөлүмү декомпрессия болгондо, капкакты ачып жана мөөрлөнгөн баштыкты алып
салса болот.
• Цикл бүткөндө, кыска акустикалык белги угулат жана ал машине эмки циклга даяр экенин
билдирет.
• Циклдын созулгандыгы болжолу 3 мүнөт (айнек капкакты ачканга чейин)
Баскычты
басып циклды алдын ала токтотсо болот. Бул учурда, машине мөөрдү
койбойт жана бөлүм декомпрессияланат. Башка циклды баштаганга чейин болжолу 20
секундадай күткүлө жана акустикалык белгини.
KitchenAid контейнерлерге вакуум циклы
Ар бир цикл башталарда, кыска акустикалык белги угулат.
Цикл автоматикалык түрдө төмөнкүнү аткарат:
• Вакуум фазасы функция баскычтын жарыгы күйүп өчүп турганы менен билдирет. Бул
фаза болжолу менен 45 секундага созулат.
• Андан кийинки чыгаруу фазасында, бардык диод билдиргичтер өзүнүн алгачкы калыбына
келет. Чыгаруу клапаны 20 секундага ачык бойдон турат. Бул убакытта эч кандай
функцияны тандоого болбойт.
• Вакуум бөлүмү декомпрессия болгондо, капкакты ачып жана вакуум контейнерди алып
салса болот.
• Цикл бүткөндө, кыска акустикалык белги угулат жана ал машине эмки циклга даяр экенин
билдирет. Бөлүм декомпрессияланды, жана контейнерди алып салса болот.
• Циклдын созулгандыгы болжолу 1 мүнөт (айнек капкакты ачканга чейин)
Баскычты
басып циклды алдын ала токтотсо болот. Бөлүм декомпрессияланат жана
айнек капкак көтөрүлөт. Башка циклды баштаганга чейин болжолу 20 секундадай күткүлө
жана акустикалык белгини.
Машинелик операциялардын көрсөткүчтөрү