Instruction for Use
8
ЧАЙКОО КАРАЖАТЫНЫН
БӨЛҮШТҮРГҮЧҮН ТОЛТУРУУ
Чайкоо каражаты, КУРГАТУУНУ жеңилирээк
кылат. A чайкоо каражатынын тараткычы
башкаруу панелинде ЧАЙКОО КАРАЖАТЫН
КАЙРА ТОЛТУРУУ көрсөткүч жарыгы
күйгөндө толтурулушу керек..
1.
B
бөлүштүргүчүнүн капкактын үстүндөгү
тарткычты басып, аны өйдө тартуу менен ачыңыз.
2. Чайкоо каражатын толтуруу боштугунун
шилтеме көрсөтүлгөн максималдык деңгээлине
(110 мл) чейин куюңуз жана аны төгүп алуудан
этият болуңуз. Эгерде төгүлүп кала турган
болсо, анда агынды дароо кургак чүпөрөк менен
арчыңыз.
3. Капкакты жабуу үчүн, аны чык эткен үн
чыкканга чейин ылдый басып туруңуз.
Чайкоого жардам берүү каражатты ЭЧ КАЧАН
машинанын көңдөйүнө түздөн-түз куйбаңыз.
ЧАЙКООГО ЖАРДАМ БЕРҮҮ
КАРАЖАТТЫН ЧЕНЕМИН ТУУРАЛОО
Эгерде, сиз кургатуу натыйжаларына толугу менен
ыраазы болбосоңуз, анда колдонулган чайкоо
каражатынын өлчөмүн жөндөй аласыз.
• Идиш жуугуч машинаны, КҮЙҮК/ӨЧҮК
баскычын басып, көйгүзүңүз.
•Аны,
КҮЙҮК/ӨЧҮК
баскычын басып, өчүрүңүз.
•Үч жолу
P
баскычын басыңыз да, сигнал угулат.
•Аны,
КҮЙҮК/ӨЧҮК
баскычын басып,
күйгүзүңүз.
• Учурдагы тандалган деңгээл номери жана
чайкоочу көсөткүч жарыгы күйүп-өчөт.
• P баскычын басып, чайкоо каражатынын
кошула турган деңгээлин тандаңыз.
•Аны, КҮЙҮК/ӨЧҮК баскычын басып,
өчүрүңүз
Орнотуу аяктады!
Эгерде чайкоо каражатынын деңгээли НӨЛГӨ
(ЭКО) орнотулган болсо, анда эч кандай чайкоо
каражаты камсыздалбайт. Чайкоо каражатыңыз
калбай калган учурда, ЧАЙКОО КАРАЖАТЫ
ТӨМӨН көрсөткүч жарыгы күйгүзүлбөйт.
Идиш жуугуч машинанын үлгүсүнө жараша, эң көп
дегенде 4 деңгээлди орнотууга болот. Заводдук
орнотуу орто деңгээли үчүн гана.
• Эгерде cиз көгүш тилкелерди көрө турган
болсоңуз, анда төмөнүрөөк санды (1-2) орнотуңуз.
• Эгерде идиштерде суу тамчылары же кебээр
тактары калып кала турган болсо, анда жогору
санды орнотуңуз (3-4).
ЖУУЧУ КАРАЖАТТЫН БӨЛҮШТҮРГҮЧҮН
ТОЛТУРУУ
Атайын идиш жуугуч машиналарына арналган
гана жуучу каражаттарын колдонуңуз.
Идиш жуугуч суюктукту КОЛДОНБОНУЗ.
Жуучу каражатты ашыкча колдонуу, айлампа
аяктагандан кийин, көбүк калдыктарынын
машинада калуусуна алып келиши мүмкүн.
Э
ң жакшы жуу жана кургатуу жыйынтыктарына
жетүү үчүн, жуучу каражатын, чайкоо каражаты
суюктугунун жана тазаланган туздун
аралаштырылып колдонулушу талап кылынат.
Фосфат же хлор кошулган өндүрүмдөр айлана-чөйрөгө
зыяндуу болгондуктан, алар курамында болбогон
жуучу каражаттарын колдонууну сунуштайбыз.
Жуунун жакшы натыйжалары, колдонулуп жаткан
жуучу каражатынын туура өлчөмүнө дагы жараша
болот. Көрсөтүлгөн өлчөмдөн ашык колдонуу
көбүрөөк натыйжалуу жууга алып келбейт жана
айлана-чөйрөнүн булганышын жогорулатат.
Өлчөмдү, идиштин булганганынын деңгээлине
жараша жөндөөгө болот.
Кадимки кир болгон нерселерди жууп жатканда,
35гр (күлмайда жуучу каражат) же 35мл (суюк
тазалоочу каражаттын) жана кошумча бир кашык
тазалоо каражатын түздөн-түз машинанын
көңдөйүнө салыңыз. Эгерде, таблетка жуу каражаты
колдонулса, анда бир таблетка жетиштүү болот.
Эгерде идиш-аяк кичине эле кир, же идиш жуугуч
машинага салуудан мурда чайкалган болсо, анда
колдонулган жуучу каражаттын өлчөмүн азайтыңыз
(кеминде 25 гр/мл) мис. күлмайда/гелди машинанын
көндөйүнө куюуну аттатуу.
Идиштерди натыйжалуу жууга, жуучу каражатынын
кутусунда көрсөтүлгөн нускамаларды дагы жолдоңуз.
Кененирээк билүү үчүн, сураныч, жуучу каражат
өндүрүүчүлөрүнө кайрылыңыз.
Күлмайда жуучу каражат диспенсерин ачуу үчүн,
A баскычын басыңыз. Жуучу каражатты B
кургак бөлүштүргүчүнө гана салыңыз.
Алдын ала жуу үчүн, жуучу каражатты бакка
түздөн-түз салыңыз.
1. Жуучу каражатты ченегенде, мурунку
көрсөтүлгөн маалыматка кайрылып,
ылайыктуу өлчөмдү салыныз.
B
диспенсеринин ичинде жуучу каражаттын
ченемин оңой салууга жардамчы болгон
көрсөткүчтөр бар.
2. Жуучу каражаттын калдыктарын
бөлүштүргүчтүн кырынан кетирип, анын
капкагын чыкылдаганга чейин жабыңыз.
3. Жуучу каражаттын бөлүштүргүчүнүн капкагын,
аны жабуучу жабдык ордуна бекитилгенге
чейин өйдө тартуу менен жабыңыз.
Жуучу каражаттын бөлүштүргүчү, программага
ылайык керек болгон учурда автоматтык түрдө
ачылат.
Эгерде, баары бирөөдө болгон жуучу каражаттар
колдонулса, ТАБЛЕТКА баскычын колдонууну
сунуштайбыз, анткени ал программаны ар дайым
жуунун жана кургатуунун эң жакшы
натыйжаларына жеткендей кылып жөндөйт.
M
A
X
A
B
35
25
A
B