Instruction for Use
15
Кеңештер
ТУУРА КЕЛБЕГЕН ИДИШ
• Жыгачтан жасалган идиш жана тамак жей
турган аспаптар.
• Кооздолгон морт стакандар, көркөм кол
өнөрчүлүк жана антиквардык идиштер.
Алардын кооздолушу бышык эмес.
• Жогору температурага туруштук бере албаган
синтетикалык материалдардан болгон
бөлүктөр.
• Жез жана калай идиштер.
• Күл, мом, майлагыч же сыя менен булганган
идиш.
Айнек кооздолуулардын жана алюминий/күмүш
бөлүктөрүнүн өңү, жуу процессинде өзгөрүшү же
өчүшү мүмкүн.
Айнектин кээ бир түрлөрү (мисалы, кристаллдык
объекттер) жуу процессинде күңүрттөлүшү
мүмкүн.
АЙНЕККЕ ЖАНА ИДИШКЕ ЗЫЯН КЕЛҮҮ
• Идиш жуугуч машинанын коопсуздугу
катары өндүрүүчү тарабынан кепилденген
айнекти жана фарфорду гана колдонуңуз.
• Идишке туура келген, айнектеги ак
сызыкчаларынын пайда болуусун болтурбоо
үчүн, назик жуучу каражатын колдонуңуз.
• Айнек идиштерди жана ашкана аспаптарын
жуу айлампасы аяктаары менен чогултуңуз.
ГИГИЕНА
Идиш жуугуч машинада чогулуп кала турган
жытты жана тунманы болтурбоо үчүн, жок
дегенде айына бир жолу жогору температура
программасын жүргүзүңүз. Шайманыңызды
тазалоо үчүн, чай кашык жуучу каражатты
колдонуп аны жүктөбөстөн жүргүзүңүз.
Кам көрүү жана тейлөө
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Ар дайым, машинаны тазалап жатканда же кармоо иштерин жүргүзүп жатканда,
шайманды розеткадан ажыратыңыз.
Машинаны тазалоо үчүн, тез өрттөнө турган суюктуктарды колдонбоңуз.
ИДИШ ЖУУГУЧ МАШИНАНЫ ТАЗАЛОО
Шаймандын ичиндеги тактарды суу же уксус
менен нымдалган чүпөрөк менен кетирүүгө
болот.
Машинанын тышкы бетин жана
көзөмөлдөө панелин суу менен
нымдалган, кырбаган чүпөрөк
менен тазалоого болот.
Эриткичтерди же абразивдүү
өнүмдөрүн колдонбоңуз.
ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТТАРДЫН
АЛДЫН АЛУУ
Машинанын ичинде нымдуулуктун пайда
болуусун жана ичинде калып калуусун
болтурбоо үчүн, ар дайым эшигин бир аз ачык
калтырыңыз.
Эшиктин тегерегиндеги төшөмөнү жана жуучу
каражаты салынуучу бөлүштүргүчтү ным губка
менен регулярдуу түрдө тазалап туруңуз. Бул
жагымсыз жыттардын пайда болушунун эн
негизги себеби болгон, тамактардын төшөмөлөргө
тыгылып калуусун алдын алат.
СУУ КАМСЫЗДООЧУ ШЛАНГДЫ
ТЕКШЕРУУ
Кирүүчү шлангдын морттугун жана
тешилбегендигин регулярдуу түрдө текшерип
туруңуз. Эгерде зыян келтирилген болсо, аны
биздин Сатуудан кийинки кепилдик кызматыбыз же
адист дилериңиз аркылуу жаңы шлангга
алмаштырып алыңыз.
Шлангдын түрүнө жараша:
Эгерде ички түтүкчөнүн каптоосу ачык түстө
болсо, анын белгилүү бир жеринде түстүн уюп
калуусун маал-маалы менен текшерип туруңуз.
Эгерде ошондой боло турган болсо, шланг
тешилген болушу мүмкүн жана аны алмаштыруу
зарыл.
Суу токтотуучу шлангдарга: Кичинекей
коопсуздук клапанынын текшерүү терезесин
текшериңиз(жебени караңыз). Эгерде ал кызыл
болсо, сууну токтотуу функциясы иштетилген,
жана шлангды жаңысына алмаштыруу керек.
Бул шлангды бурап чыгаруу үчүн, аны бурап
жатканда, коё берүү баскычын басыңыз.