Колдонуу нускамалары
Маанилүү коопсуздук нускамалары 4 Чөйрөнү коргоо 6 Шайманды колдонордун алдында 6 Сактык чаралары жана жалпы сунуштамалар 7 Энергия үнөмдөө боюнча кеңештер 7 Биринчи жолу колдонуу 8 Шайманды тейлөө жана тазалоо 8 LED алмаштыруу (моделге жараша) 8 Шайман колдонулбай турганда 8 Кубат үзүлүшү 9 Тоңдургуч бөлүмү 9 Тоңдургуч бөлүмүн кантип эритүү керек (моделге жараша) 9 ТОҢУУНУ ТОКТОТУУ СИСТЕМИ (моделге жараша) 10 ТОҢУУНУ ТОКТОТУУ аксессуарын тазалоо жол-жобосу 10 Чочутуп тоңдуруу (м
Коопсуздук нускамалары • КОРКУНУЧТУ ЭСКЕРТҮҮ: туруксуздуктун айынан кырсык чыкпашы үчүн, шайманды жайгаштыруу же бекитүү өндүрүүчүнүн нускамаларына ылайык жасалышы керек. • КОРКУНУЧТУ ЭСКЕРТҮҮ: шаймандын желдетүү тешиктерине эч нерсе такалбагандай кармаңыз. • КОРКУНУЧТУ ЭСКЕРТҮҮ: шаймандын муздатуучу айлампа түтүктөрүн бузуп албаңыз. • КОРКУНУЧТУ ЭСКЕРТҮҮ: Эрүү процессин ылдамдатууга Өндүрүүчү сунуштагандан башка механикалык, электр же химиялык каражаттарды колдонбоңуз.
• Орнотуу учурунда шаймандын кубат кабели зыян тартпагандай болсун. • Шаймандын кубат кабелин тартпаңыз • Шайманды эки же андан көп киши урунуп, орнотушу керек. • Орнотуу жана тейлөө, анын ичинде кубат жеткирүү шнурун алмаштыруу, өндүрүүчү же ишбилги техник тарабынан, өндүрүүчүнүн нускамаларына жана күчүндөгү жергиликтүү коопсуздук эрежелерине ылайык аткарылышы керек. Кырсык болбошу үчүн шаймандын бир да бөлүгүн, анын ичинде кубат жеткирүү шнурун да, колдонуучу жетегинде башкача айтылбаса, оңдобоңуз.
Чөйрөнү коргоо 1. Таңгактоо Таңгактоо материалы 100% кайра иштеткенге жарайт жана кайра иштетүү символуна ээ . Таштандыга таштоо үчүн жергиликтүү эрежелерди аткарыңыз. Таңгактоо материалдарын (пластик баштыктарды, полистирен тетиктерин ж.у.с.) балдар жетпеген жерде кармаңыз, себеби алар коркунучтун булагы.
Сактык чаралары жана жалпы сунуштамалар ОРНОТУУ • Шайманды жылдырганда жертаманды (мис., паркетти) бузуп албагандай болуңуз. • Шайман жылуулук булагынын жанына орнотулбашы керек. • Шайманды анын салмагына чыдагандай күчтүү жертамандын үстүнө жана анын өлчөмүнө жана колдонулушуна ылайыктуу жерге орнотуп, тегиздеңиз. • Шайман температурасы баа табагында көрсөтүлгөн климаттык класска ылайык кийинки арымдардын ичинде болгон жайларда иштетүүгө арналган.
Биринчи жолу колдонуу Шайманды сайыңыз. Айрым моделдер температура айгайы аралашканын билдирүү үчүн бип этиши мүмкүн: акустикалык айгайларды өчүрүш үчүн топчуну басыңыз. Эске алыңыз: Шайманды жандырган соң кадимкидей толгон шайман үчүн туура сактагыч температурага жеткенче 4-5 саат күтүү керек. Шайманды тейлөө жана тазалоо Шайманды атайын муздаткычтын ичи үчүн нейтралдуу детергенттин жылымык сууга эритиндисин жана чүпүрөк колдонуп маал-маалы менен тазалап туруңуз.
Кубат үзүлүшү Кубат үзүлүп калса, электр сатуучу компанияңыздын жергиликтүү кеңсесине чалып, кубат канчага чейин болбоорун сураңыз. Эске алыңыз: Ичи толтура шайман жакшы толбогонго караганда узагыраак муздак бойдон турат. Тамакта муздун бүртүктөрү дагы эле көрүнүп турса, аны кайра тоңдурса болот, бирок даам-жыты бир аз начарлашы мүмкүн. Тамак начар абалда болсо, аны ыргытып ийген оң. 24 саатка чейин созулган кубат үзүлүүлөрү үчүн. 1. Шаймандын эшигин жабык кармаңыз.
ТОҢУУНУ ТОКТОТУУ СИСТЕМИ (моделге жараша) ТОҢУУНУ ТОКТОТУУ СИСТЕМИ (айрым моделдерде бар) тоңдургуч бөлүмү үчүн эритүү процедурасын жеңилдетет. ТОҢУУНУ ТОКТОТУУ аксессуары (1-сүрөт) тоңдургуч бөлүмүнүн ичинде пайда болгон муздун бир бөлүгүн чогултканга долбоорлонгон, аны чыгарып тазалоо оңой, демек, тоңдургуч бөлүмүнүн ичин эриткенге кетчү убакытты азайтат. ТОҢУУНУ ТОКТОТУУ аксессуарынан музду кетирүү үчүн ылдыйкы көрсөтүлүп берилген тазалоо жолжобосун аткарыңыз.
жана анын натыйжасында тоңдуруу процессин ылдамдатат. 5. Тоңдурула турган тамакты бөлүмдүн ичине, бөлүмдүн артындагы үйлөткүчтөрдөн бир нече см (жок дегенде 2 см) алыс, аба айлана алгандай кылып салыңыз 17. 6. Эң чоң тоңуу ылдамдыгына жетишүү үчүн “Чочутуп тоңдуруу” функциясы өзү автоматтык түрдө өчмөйүнчө эшикти жабык кармап, аны өчүрбөөнү сунуштайбыз. 7. “Чочутуп тоңдуруу” функциясы жандандырылгандан 4-5 сааттан кийин автоматтык түрдө өчүрүлөт: индикатору өчүп, үйлөткүчтөр өчүрүлөт.
Printed in Italy r 07/16 400010899173 KG