Setup and user guide

KIR
5
БЫШЫРУУ ТАБЛИЦАНЫ КАНТИП ОКУУ
КЕРЕК
Бир текчеде бышырууга ар кандай тамак
аштын түрүн кайсы мыкты функция менен
колдонууга таблицада көрсөтүлгөн. Бышыруу
убагы, тамак духовкага салынып, бирок
алдын - ала (талап кылынса гана) ысытуудан
тышкааркы убакытты санайт). Бышыруу
температуралары жана убактары толугу
менен жолдоого гана жана бардыгы тамактын
көлөмүнөн жана колдонулган жабдыктан көз
каранды. Баштоого эң төмөн сунушталган
жөндөөнү колдонуңуз жана эгерде тамак аш
даяр эмес болсо, андан кийин жогорураак
жөндөөлөргө которгула. Камсыз кылынган
аксессуарлар менен колдонуңуз жана алар
мүмкүн болсо, кара түстөгү темирден жасалган
торт калыбы же бышыруу подностор болуш
керек. Pyrex же керамика аксессуарларын
колдоно аласыз, бирок даярдоо убакыттары
бир аз узагыраак болорун эске алыӊыз. Эң
жакшы натыйжаларды алыш үчүн, кайсы
берилген аксессуарларды кайсы текчеге
коюуну тандаганда бышыруу таблицасында
берилген сунуштарды кунт коюп аткаргыла.
ДЕСЕРТТЕР
- Кара түстөгу бышыруучу темир мискейлерди
колдонуңуз жана аларды дайыма камсыз
кылынган темир тор текчеге коюңуз.
- Бисквит тортунун бышып-бышпаганын билүү
үчүн, жыгач тиш чукугуч таякчаны бисквиттин
так ортосуна киргизиңиз. Эгер таякча таза
болуп чыкса, анда бисквит даяр болду.
- Эгерде жабышпай турган торт табактарын
колдонсоңуз, четтердин айланасындагы торт
тегиз кѳтѳрүлбѳй калышы үчүн четтерин
майлабаңыз.
- Эгерде бышыруу учурунда «кѳѳп чыкса»,
кийинки жолу тѳмѳнүрѳѳк температураны
колдонуңуз жана кошулуучу суюктуктун
кѳлѳмүн азайтыңыз же кошулманы акырын
аралаштырыңыз.
ЭТ
- Бышырылып жаткан эттин көлөмүнө
ылайыктуу каалаган духовка табасын же
пирекс айнегин колдонуңуз. Бөлүктөрүн кууруу
үчүн, тамактын астына бир азыктарды салып
койсо, бышып жатканда кошумча даам болот.
Бул операция иштеп жатканда буу чыгарын
эске алгыла. Куурулган эт даяр болгондо, аны
10-15 мүнөткө духовкада кармай туруңуз же
аны алюминий фолыгасына ороп коюңуз.
- Сиз этти гриль менен бышыргыңыз келгенде,
бир өлчөмдөгү эт бөлүктөрүн колдонуңуз.
Бул, бир денгээлдеги бышыруу натыйжалары
на жетүүгө жардам берет. Эттин өтө калың
бөлүкчөлөрү, узагыраак бышыруу убагын
талап кылат. Эттин сырты күйүп кеипеши үчүн,
тор текчсинин турган жерин төмөндөтүңүз,
грилльден тамакты алысыраак коюу керек.
Этти бышыруу убагынын үчтөн экиси өткөндө,
которуңуз. Эшикти ачып жатканда абайлаңыз,
анткени буу чыгып кетиши мүмкүн.
Бышыруу ширелерин чогултуп алуу үчүн, май
чогултуучу подносун жарым литр суу менен
тамак аш коюлган торчонун астына коюу
сунушталынат. Качан керек болгондо, кайра
жогору жылдырыңыз.
Колдонуу жана кармоо колдонмосун
docs.indesit.eu жүктөп көбүрөөк маалымат алгыла
WWW
ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР